Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көп болуу, арбуу, өөрчүү, өнүгүү, күч алуу. Берекеси көбөйсүн Мейкин талаа жеримдин (Үсөнбаев). Кыштак ичи дүрбөлөңгө түшүп, ары-бери чапкылагандар көбөйүп кетти (Байтемиров). Капсалаңдын тынчы кетип, кыймыл-аракети көбөйдү (Бейшеналиев). Улам жогорулаган сайын аттарынын бышылдап-күшүлдөшү көбөйдү (Убукеев).